Жол куруу жаатында иш алпарган бир катар компаниялар өз ара келишип алып, жол куруу материалдарынын баасын атайылап көрөтөрүү менен, мамлекеттик бюджетке чоӊ зыян келтирүүдө.

ЖКнын жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунусов билдиргендей, буга Бишкек – «Манас аэропорту» жолунун курулушу далил.

«Алар жолго төшөлгөн асфальттын баасын эки эседен ашын кыбаттатып жиберген. Өкмөт бул багытта тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. Мисалы, азыр 1 тонна асфальттын баасы – 3 миӊ сом. Жол салган компания анын тоннасын 6 миӊ сомдон ашык баада сатып алган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 100 млн сом зыян келтирилген. Ушу тапта өлкө аймагында жолдор көп курулуп жаткандыктан, мамлекеттин каражатын жеӊ ичинен жеген жеген компанияларга карата чараларды көрүп, күнөөлү кызмат адамдарын жоопко тартуу менен, жол куруу тармагындагы иштерди жөнгө салуу зарыл», — дейт эл өкүлү.

Бөлүшүү