Эл өкүлдөрү ушундай көйгөйгө өкмөт республика боюнча тизмелеп, кайсы мектеп качан бүтөөрү боюнча так маалымат берүү талабын койду.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргызстан айылындагы мектептин пайдубалына котлаван казылган боюнча токтоп калган. Бул маселени көтөргөн «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алмазбек Жутанов курулушту жандандыруу маселесин өкмөткө багыттады.

Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов 6 ай мурун көтөргөн маселесине жооп алып, Ноокат районундагы Зулпуев мектеби бюджеттин тартыштыгынан 2018-жылга калгандыгын белгиленген. Н.Исанов атындагы мектеп курулушу 70% бүтсө дагы капиталдык салымдар боюнча титулдук тизмеге эмне үчүн кирбей калгандыгына кызыкты.