Тынчтык митинг 2013-жылдан бери 50 %га өскөн.
Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фондунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова тегерек столдо айтты.
Анын айтымында, социалдык-экономикалык маселелер боюнча митингдер уюштурулуп жатат.
Аталган фонд 2013-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын 31-майына чейин тынчтык митингдеги укуктар тууралуу мониторинг жүргүзгөн.
«Митингдерде таза суу, аялдардын жана балдардын укугун коргоо, бажы биримдигине кирүү, күзгү түшүм маселелери көтөрүлгөн», — дейт Абдирасулова.