Бишкек шаарынын тургундары «Гоин» соода борборундагы жанамалардын көбүнчөсү расмий жана башка тилдерде жазылып турганын билдирип, комиссияга кайрылган.

Кайрылуу боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн комиссиянын жарнама иштери боюнча эксперти аталган соода борборуна барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөгөн. Бирок ар түрдүү шылтоолорду айткан жетекчилиги менен жолуга албай келген.

Бул жарнамалар боюнча Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү бөлүмүнө кайрылуу жөнөтүлдү.

Жарнама