«Бир бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов айткандай, бул маселе депутаттарды ойлондуруп келет.

«Ошондуктан мамлекеттик чыгашаны азайтуу зарыл. Бюджеттин чыгаша бөлүгү азыркы учурда бир канча өсүп кетти. Карап чыгуу керек кайсы жерде өсүп жатканын. Бирок биз бюджетти кабыл алып жатканда башка чыгымдарды бекиткенбиз. Эми чыгаша тууралуу министрлер кабинетинен сураш керек», — дейт ал.