Жаңы iPhone 7 телефонунун ээси  смартфондун жарылгандыгы тууралуу кабар берди.

Сүрөттө ал бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен. Ошондой эле телефондун таңгагы да жабыр тарткандыгы даана көрүнүп турат.

«Телефон колдоно электе жарылды. Же фабрикадан же жеткирүүдө ката кеткен»,- деп билдирген колдонуучу.

айфон

Маалыматка ылайык, башка iPhone 7 смартфондорунун жарылып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр жок.

Буга чейин Samsung компаниясынын Galaxy Note 7 маркасы массалык түрдө 19-августтан баштап жарылып, 10 мамлекеттен аталган компанияга арыздар түшкөн.

Samsung дароо Galaxy Note 7ни чыгарууну токтотуп, жарылган телефондорду жаңы моделдерге алмаштырууга убада берген.

Бөлүшүү