Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЕЭК атаандаштык жана антимонополдук жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү (министри) Нурлан Алдабергеновду кабыл алды.

Жолугушууда интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы рыноктордун өз-ара аракеттешүү принциптери, анын катарында интернет тейлөөгө тарифтер боюнча маселе талкууланды.

Нурлан Алдабергенов маалымдагандай, комиссия кыргыз тараптын Казакстан провайдерлеринин интернет тейлөөгө бааларды жогорулатуусуна байланыштуу кайрылуусун кароодо. Ал ЕЭК ыйгарым укуктары антимонополдук мыйзам бузуу жана бааларды негизсиз жогорулатуу аныкталган учурда аталган маселени айып санкцияларын салуу аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берээрин билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков өкмөт башчыга маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын октябрынын биринчи декадасында Казакстандын Алма-Ата шаарында эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу ммлекеттик органдарынын жана интернет провайдерлеринин катышуусунда жыйын өтөт.

Анын айтымында, интернет тейлөөгө карата дүйнөлүк баалардын тенденциясы төмөндөөдө жана Россия тараптан казахстандык интернет провайдерлерге интернет тейлөөгө карата баалар көтөрүлгөн эмес. Россиядан Казакстанга бир мегабит үчүн баа болжол менен 1-1,5 АКШ долларын түзөт – деп белгиледи Казаков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрү үчүн интернет тейлөөгө карата макулдашкан баа болушу тийиш.

«ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы жалпыга бирдиктүү эреже сакталганда гана өнүгүүсү мүмкүн», – деп белгиледи өкмөт башчы.