Немец журналисти Янина Финдайзен мекенине кайтууга даярданууда. Учурда Түркияда.

Германиянын ММКлары билдиргендей, ал былтыркы жылдын октябрында «Джебат ан-Нусра» террористтик тобу тарабынан барымтага алынган. Террорлор журналист үчүн 5 млн евро сурашкан. Ал барымтада болгон кезинде көз жарган. Учурда баласы менен кошо коё берилгени айтылууда.

Сирияда жарандык согуш башталгандан бери 200дөй журналист каза болгон. Ал эми 50гө жакыны абакта же барымтада.