Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргызстандын делегациясы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан «Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн» VI Эл аралык конгрессинин ишине катышты.
«Мындай эл аралык деңгээлдеги баарлашуулар жол коопсуздугун камсыздоо жаатындагы дүйнө коомчулугу үчүн жалпы көйгөйлөрдү гана аныктабастан, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.
Анын айтымында, Кыргызстанда унаалардын саны жогорулоодо, бул жол кырсыгынын көбөйүшүнө шарт түзүүдө.
«Жол кырсыгына каршы натыйжалуу күрөш жол кыймылынын бардык катышуучуларына: айдоочу курам, транспорттук каражаттар жана жол инфраструктурасына бир мезгилде таасир бергенде гана ишке ашырууга мүмкүн», – дейт Разаков.
Вице-премьер-министр маалымдагандай, жол кырсыгын кыскартуу, жолдордогу абалды жакшыртуу жана жол коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча ишти координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында өкмөткө караштуу комиссия үзгүлтүксүз иш алып барат.
Разаков ошондой эле айдоочуларды даярдоо тутумуна өзгөчө көңүл бурду. Ал белгилегендей, бул иш эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен дайыма өркүндөтүлүп туруусу тийиш.
Ал аталган Конгресс алкагында айдоочуларды даярдоо боюнча талаптардын эл аралык тутумун түзүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.
«Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн» VI Эл аралык конгрессинин ишине ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да катышууда.