Магистратурада окуп жаткан студент смартфон аркылуу бут кийимдин ичиндеги температураны жөнгө салуучу жаратмандыкты ойлоп тапты.

Долбоорду иштеп чыккан Азамат Тавитов идея жайкы ысыкта салкындыкты каалаганда келгенин айтты.
«Долбоордун максаты бут кийимдин ичиндеги температураны сырттан жөнгө салуу болуп эсептелет. Албетте бул укмуштуудай ачылыш эмес, ушундай сымал нерсени Японияда иштеп чыгышкан. Бирок инженердик көз караш менен иштеп чыгуу кызыктуу экен», — дейт ал.
Ал Москвада улуттук технология изилдөө университетинде магистратурада окуйт.