Кезектеги онлайн-аукциону nomer.srs.kg сайтында өтүп жатат. Бүгүн сатууга 09 001 ААА номуру коюлуп, баштапкы баасы 70 миң сом менен башталды.

Бул номурду алууга эки жаран катталды.

Азыркы учурда баа 184 миң сомго көтөрүлдү.

Буга чейин «01 777»  номуру онлайн-аукциондон 1 млн 714 миң сомго сатылган. Андан түшкөн каражаттын 91 %ы республикалык бюджетке которулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү