Президент Алмазбек Атамбаев мекендештерине кайрылуу жасады.

«Жүрөгүм капыстан ооруп калып, күтүүсүз башыма түшкөн кыйын кырдаалда мага колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мындай күндөрдө айтылган ар бир жылуу сөз, айрыкча ак баталар менен чын көңүлдөн чыккан тилектештик каалоолор өзгөчө кымбат. Сиздер мага сыркоону жеңүүгө күч-кубат бердиңиздер!», — деди ал

Ошондой эле мындай нерсе унутулбай тураганына токтолду.

«Мен жана менин үй-бүлөм бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазыбыз! Жараткан сиздерге бекем ден соолук жана бакыт, ал эми мекенибизге — тынчтык жана берекет берсин!”, — деп айтылат кайрылуусунда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү