Бул каражат Кыргызстандын бюджетин колдоо багытында берилет.

ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети мамлекеттик бюджетке колдоого көрсөтүүгө багытталган Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-июлунда кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

«Башкаруунун жана атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатында биринчи кадам» программасынын Эл аралык өнүктүрүү ассоциясиясы тарабынан 24 млн доллар берилет, анын ичинде 10,8 млн доллар гранттык жардам, ал эми 13,2 млн доллар жеӊилдетилген насыя каражаты болуп саналат.

Бул программанын насыялык бөлүгү ЭӨА мөөнөтү жана шарттары  менен берилип, аны төлөө, республикалык бюджеттин каражаттарынын жардамы келишиминин шарттарына ылайык ишке ашырылат.

Каржы министри каражат толугу менен республикалык бюджетке түшөт, дагы башка кошумча чыгымдар каралган эмес.

Бөлүшүү