Депутаттардын айтымында, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси толугу менен чечилген эмес.

ЖКнын бюджет жана каржы комитетинин отурумунда бул маселени чечүүгө инвестиция 2001-жылы эле талтылганы белгилүү. 13 жыл ичинде таза суу менен камсыз кылууга 89, 6 млн доллар каралган.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов чаралар көрүлгөнү менен көйгөй чечилбей келатканын билдирди.

Мындан тышкары, ал атайын текшерүү комиссиясын түзүнүү сунуштап, эл өкүлдөр тарабынан колдоо тапты.

Суу чыгарууну өнүктүрүү департаменти 400гө жакын айыл таза сууга муктаж экенин отурумда кабарлаган.