Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн куралдуу күчтөрүн андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү иш чаралары тууралу маалымат алды.
Атамбаев менен Дүйшөнбиев аскердик башкаруунун борбордук органынын ишмердигинин ар кайсы маселелерин, анын ичинде өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн азыркы талаптарга жооп бере турган түзүмдөрүн түзүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.
Президент мамлекеттин сырткы чектерин бекемдөө жана коргоо жөндөмдүүлүгүн күчөтүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн Куралдуу күчтөрдүн аскерий жөндөмүн жана мобилдүүлүгүн мындан ары да арттыруу зарылдыгын баса белгиледи.