Жалал-Абад–Казарман унаа жолунун 52-54 чакырымдарында Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүсүнөн кечээ кечки саат 23:40 чамаларында улам жол кыймылы токтоп калган.

Натыйжасында 32 унаа туруп калган, анын ичинен 13 оор жүк ташуучу унаа, 19 жеңил унаа болгон.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Абдышарип Бекиловдун айтымында, тыгынга кабыл болгондордун арасында жабыркагандар болгон жок.

Жолду тазалоо иштерин жүргүзүүлүп, саат эртең менен 6:30да Жалал-Абад-Казарман унаа жолу толугу менен ачылган.

Бөлүшүү