Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал бул күн ар бир адамдын майрамы болуп санала турганын айтты. Анткени, баарыбыз мугалимдин кол астында билим дүйнөсүнө сапар алганбыз.

“Мугалим — түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Анткени, коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышат”, — дейт Атамбаев.

Азыркы заманда интеллектуалдык эмгектин, жогорку технологиялардын баасы өстү деген оюн айтты.

“Ошого жараша билим берүү системасын тезинен реформалоо жана билим сапатын арттыруу талап кылынууда. Мамлекет билим берүү системасынын кызматкерлеринин айлык акыларын тынымсыз көтөрүү, башка социалдык маселелерин чечүү үчүн колдон келген бардык аракетин жасоодо. Бирок бул да аздык кылат, баарыбыз мугалимдер алдында карызбыз деп эсептейм”, — деп айтылат куттуктоодо.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү