«Сиздерди үч кылымдан ашуун тарыхы бар касиеттүү Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм», — деди президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы билдиргендей, «Ош» дегендин өзү эле ыйык менен бийиктик, ырыскы менен береке деген сөзгө уйкаш. Тарыхый-археологиялык изилдөөлөр биздин түштүк баш калаабыздын Борбор Азияда эле эмес, дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири экенин айныгыс далилдеген. Ош деген сөз алгач IX кылымдагы араб булактарында кездешет.

«Ошту Сулайман-Тоосуз элестетүү мүмкүн эмес. Борбор Азиядагы эң ыйык жана касиеттүү жерлердин бири болуп саналып, экинчи Мекке атка конгон Сулайман-Тоого денесин жана жандүйнөсүн тазалоо үчүн каттаган зыяратчылардын аягы үзүлбөйт. Ош тарыхый-этнографиялык музейинен материалдык дүйнөнүн таш доорунан тарта азыркы заманга чейинки өнүгүшүн чагылдырган экспонаттар менен таберик буюмдарды көрөбүз», — дейт ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү