Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили оппозициячыл партиянын депутатынын автоунаасын жардыргандар Грузиянын душмандары экенин айтты.

Анын айтымында, чагымчылар парламенттик шайлоо жакындаганда өлкөгө туруксуз абал жараткысы келип жатат.

«Күнөөлүү адамдарды кармоо үчүн чаралар көрүлүп жатат. Алар мыйзам чегинде жооп беришет. Бир дагы кылмышкерди эч нерсе сактап кала албайт», — деди ал.

Буга чейин аталган партиянын лидери жардыруунун артында коопсуздукту сактоо кызматы турганын билдирген.
Бул жардыруудан оппозициячыл депутат жабыркаган эмес. Андан 5 адам жабыр тартты.
8-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтөт.