Жогорку Кеӊеште шайлоо тутумуна байланыштуу бир катар мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыгып, буга чейин экинчи окууда кабыл алынган “КР референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, тармактык комитеттин өтүнүчү менен экинчи окууда кайра кайтарылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров.

Бул мыйзам долбоору аркылуу колдонуудагы “КР референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына, “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилге жөнүндө” мыйзамдарга ылайык келтирүү зарыл.

Бөлүшүү