Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы өлкө коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы чараларды мындан ары жакшыртуу боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат алды.

Атамбаев учур чакырыктары жана коркунучтар коопсуздук органдарынан терроризм, диний экстремизм жана өлкөгө, анын жарандарына каршы багытталган башка кылмыштар менен күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү талап кыларын баса белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү