«Вечерний Бишкек» гезитинин сайты ЖК депутаттары “Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Саляновалар Бакиевдер менен бирге Мегакомго үлүшкө кирген» деген макаласын “Өмүрбек Абдрахмановдун сенсациялуу билдирүүсү көп нерсени ачыктады”- деп Абдрахмановдун сөзүнө шилтеме берүү менен жарыялаган.

«Бирок, “Вечерний Бишкек” гезити Өмүрбек Абдрахманов бул жалган сөзүн  2012-жылы 20-апрелдеги “Алиби” гезитинин №28 (280) санында айтканын, Абрахмановдун сөздөрү калп экенин Биринчи май райондук соту чечими менен тастыктаганын билбесе керек», — деп билдирет партиянын катчысы.

Мындан улам «Ата Мекен» партиясынын секретариаты бул vb.kg сайтына жарыяланып жаткан партияны каралоочу биринчи материал эмес экенин билдирет. Буга чейин аталган басылманын журналисттери партиянын мүчөлөрүнө жана лидерине тийешелүү мүлкттөр тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан жана мыйзамдуу түрдө декларацияда көрсөтүлгөн мүлктөрдү окурмандарга башка нукта бурмалап беришкенин айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү