Президент Алмазбек Атамбаев УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциялык кылмыштардын алдын алуу, аларды ачыктоо жана иликтөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө маалымат алды.
Атамбаев мындан ары антикоррупциялык чараларды жакшыртуунун жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу үчүн алдын алуу иштерин күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи.