«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянов бир басылма бийликке сын айткан депутаттарды «Мегаком» боюнча жаңжалдарга байланыштырып макала жазганын айтты.

«Калптын дагы чеги болот да. «Вечерний Бишкек» кимге жакын басылма экенин баарыбыз билебиз», — деди.

Мындан тышкары, ал бул маселе боюнча териштирүүнү талап кылды. Ошондой эле өкмөттү чакырууну сунуштады.

Аталган басылма «Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегаком” компаниясынын айланасындагы жаңжалдар менен байланыштырган макала жазган экен.

Бөлүшүү