Жыйындар залынын 120 креслосу жайкы каникулда эле алынган.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов билдиргендей, демөөрчүлүк каражаттан алынды.

Азырынча парламентте канча каражат кеткени айтыла элек.

Былтыр ЖК 2,5 миллион сомдон ашык мамлекеттин каражатына 120 кресло сатып алары тууралуу жарыяланган. Бирок коомчулуктун сынына алынып, тендерди токтотушкан.