Президент Алмазбек Атамбаевдин Кадыржан Батыров менен жолугушуусу бир гана жолу 2010-жылы апрелде болгон.
Президенттик аппараттан билдиргендей, бул жолугушуунун демилгечиси Роза Отунбаева болуу менен, өзүнүн биринчи орун басары Атамбаевден ошол кездеги өзбек улуттук-маданий борборунун лидерин кабыл алууну өтүнгөн.
«Атамбаев бир канча жолу билдиргендей, Батыров менен ал жолугушууда этностук азчылыктардын өкүлдөрүн мамлекеттик кызматтарга тартуу өтүнүчү айтылган. Мындай көйгөй бар экенине негизинен макул болуу менен катар эле Атамбаев Батыровдун дарегине ал (К.Батыров) жетекчилик кылган «Ватан» (Мекен) саясий партиясынын этностук белги боюнча түзүлүшүнө карата сынын айткан. Андан тышкары Батыровго кыргызстандык өзбектерди бөлүнүүгө баштабоого жана парламенттик шайлоого этностук ураандар менен чыгуу сыяктуу опурталдуу идеядан баш тартууга кеӊеш берген. Тилекке каршы, Батыров Атамбаевдин кеӊештерин укпастан, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан башка тилектеш адамдарды таап алган. Жалал-Абад облусунун тургундары сепаратисттердин лидери менен кайсы саясатчылар кызматташканын, ошондой эле Батыров кылмыш жасап жатканда кайсы саясатчылардын жакын туугандары анын жанында болгонун жакшы билишет», — деп жазылат маалыматта.
Ошол эле кезде ЖМКларда 2010-жылдагы окуялар тууралу көптөгөн маалыматтар, анын ичинде К.Батыровдун интервьюсу Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жашырып келаткан бардык чындык эртеби-кечпи элге белгилүү болот деген Президент А.Атамбаевдин сөздөрүн ырастап жатат.