Манас районудагы Покровка айыл аймагында 6-октябрь күнү айылынын түндүк-батыш тарабындагы Талас дарыясынын нугу, Садовая ички чарба жолунун 50 метр аралыгына жууп кеттүү коркунучун жараткан.

Дарыянын нугу турак жайлардан 100 метр аралыкта жайгашкандыктан, турак жайларга коркунуч келтирген эмес.

Киров суу-сактагычынан суунун деңгээлин чыгуусун азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, суунун агышы секундасына  95,6м кубдан 75м кубга чейин азайтылды. Жээкти бекемдөө боюнча жергиликтүү билик менен ӨКМдин Талас облустук башкармалыгы суйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.  

Бөлүшүү