Эл аралык Минскидеги 23-“Лiстапад” кинофестивалы 4-11 ноябрда өтөт.

Бул тууралуу тасманын продюссери Талантбек Төлөбеков билдирет.

Буга чейин режиссер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” көркөм тасмасы Монреалдагы 40- юбилейдик кинофестивалда баш байге “Алтын Зенитти” жеңген.

Эң престиждүү деп аталган сыйлыкты мурунку ССРБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп алды.

Казакстандагы  “Евразия” эл аралык кинофестивалында “Атанын керээзи” Борбор Азиядагы мыкты тасма катары “Тулпар” сыйлыгын жеңген.