Кыргызстан-Түркмөнстан оюунуна башкы машыктыруучу Александр Крестинин улуттук курамдын тизмесин өзгөрттү.

Футбол федерациясынын берген маалыматына ылайык, Мирлан Мурзаев “Ушакспор” (Түркия) футболдук клубунда машыгууларын улантуу үчүн учуп кетти.

Анын ордуна 22 жаштагы “Алга” клубунун оюнчусу Шаршенбек Бакыт уулу чакырылды.

Ал эми капитандыкты бул оюнда жарым коргоочу Эдгар Берднхарт колго алмакчы.

Айта кетсек, бул жолу негизги оюнчулар курамга кирген эмес. Алар: Азамат Байматов, Валерий Кичин, Даниель Тэго, Ахлидин Исраилов жана Антон Землянухин.

6-октябрда болгон Кыргызстан-Ливан оюуну 0:0 эсеби менен аяктап анда да аталган футболчулар талаага чыккан эмес.

Бөлүшүү