«Ош» эл аралык аэропортунда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыгуусундагы өздүк курамдын иш-аракеттерин текшерүү максатында комплекстүү машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуу Ош шаарынын жарандык коргонуунун 2016-жылга даярдык мерчемине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде эки этапта өткөрүлдү.
Машыгуунун негизги максаты:
— Жарандык коргонуунун тынчтык мезгилиндеги пландарынын аныктыгын текшерүү;
— өзгөчө кырдаал болгон учурда “Манас эл аралык аэропортунун” Оштогу филиалынын өздүк курамынын даярдыгын жогорулатуу;
— кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштурууда күч жана каражаттарынын даярдыгын жана практикалык ишмердүүлүгүн текшерүү;
— өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өздүк курамды, жарандарды кабардандыруу жана эвакуациялоо боюнча практикалык иш-чараларды иштеп чыгуу болду.
Машыгуунун биринчи этабында өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан учурда биринчи кезектеги иш-чараларды уюштуруусу.
Машыгуунун экинчи этабында өздүк курамдын жана түзүлгөн Жарандык коргонуу түзүмүнүнүн өзгөчө кырдаал учурундагы иш-аракеттеринин уюштурулушу.
Комплекстик машыгууда теориялык, практикалык түрдө даярдыгы текшерилди.
Бул өткөрүлгөн комплекстик машыгуунун жыйынтыгы боюнча “Манас эл аралык аэропортунун” Оштогу филиалы ар кандай өзгөчө кырдаалдарга жогорку даярдыкта экендиги бааланды.






























