«Элдик парламенттин» мүчөлөрү Дастан Сарыгуловдун, Тойгонбек Калматовдун жакындары митингге чыкты.

Алар колдоруна «Элге берилген бийлик, диктатура үчүн эмес», «Калматовдон колуңду тарт», «Жабык сотко негиз жок, эл ачык сотту талап кылат» деген жазууларды көтөрүп алган.

Жогоруда аты аталган оппозиция өкүлдөрү бийликти басып алууга шектелип каммака алынган.