Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо, референдум ачык-айкын өтөт.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде айтты.

«Биз бүгүн БШКнын бир нече мүчөлөрүнө сыйлык бердик. Анткени мурунку шайлоолор ачык жана айкын өттү. Айрымдар буга ишенбей добуштарын сатты. Мен добушун саткандар мекенин дагы сатат деп эсептейм. Бул жолку шайлоодо мындай болбойт деп ишенем», — дейт ал.

Ошол эле учурда анын сакайышын тилегендерге ыраазычылык билдирди.