Видео тартуучу операторлор залдан чыгарылды.
Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши БУУнун кайрылуусунан улам кайрадан каралууда.
12-июлда Жогорку Сот 2010-жылдын июнь айында “улут аралык жаңжалды козуткан”деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин Чүй облустук сотуна жөнөткөн. 4-октябрда сот кайрадан бүгүнкүгө жылдырылган.
Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.