13-14-октябрында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы жана батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 14-октябрда күндүзү абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облүстарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 10…15° жылуу, тоолуу райондордо 2…7° суук болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчалар, мөмө жемиштер  үчүн коркунучтуу.