Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн жер-жердеги социалдык-экономикалык абал менен таанышуу максатында өлкө аймактарына жасаган сапарын улантуу менен Жалал-Абад облусунда жумушчу сапар менен болду.

Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчы «Ош» эл аралык аэропортунан келе жатып, Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан Улуу Караханиддер империясынын учурунда курулган Өзгөн мунарасына барды.

Өкмөт башчы археологиялык комплексти кыдырып чыгып, ал өзгөчө тарыхый, маданий эстелик экендигин белгилеп, аны келечек муунга сактап жеткирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министрге маалымдалгандай, мунаранын чатырын реконструкциялоо муктаждыгы бар, ал үчүн болжол менен  11 миллион сом талап кылынат. Сооронбай Жээнбеков Маданият, туризм жана маалымат министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине чыгымдардын такталган сметасын түзүп, үстүбүздөгү жылы обьектти оңдоо боюнча тийиштүү сунуш киргизүүнү тапшырды.

Жалал-Абад облусунда Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун Ырыс айылындагы «Фермерс Органик Горден ЛТД» ЖЧК консервалык заводунун иши менен таанышты. Биргелешкен кыргыз-түрк ишканасы экологиялык жактан таза жер-жемиштерди, жашылчаларды кайра иштетип, ширенин түрдүү сортторун, ошондой эле уникалдуу жаңгак ширесин өндүрөт. Өндүрүлгөн продукция ички рынокто жана Кытайда сатылат жана Иранга экспорттоо маселеси каралууда. Ошондой эле Россия жана Казакстанга экспорттоо каналдары жөнгө салынган, бирок продукцияны сертификатташтырууга тийиштүү көйгөйлөр маселенин ачык бойдон калуусуна алып келүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда Өкмөт тараптан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу алкагында өлкөдөгү фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо жана куруу боюнча иштер күчтөндүрүлүүдө. «Бул багыттагы иштер жыйынтыкталган соң, ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияны экспортко чыгаруудагы сертификатташтыруу маселеси толугу менен чечилет», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Буга байланыштуу Премьер-министр жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө продукцияны экспорттоону кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Сиздер өз продукцияңыздарды Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясына кызыккан Кытайга чыгарып жатканыңыздар кубандырат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Фермердик чарбанын жетекчиси Юнус Козаев билдиргендей, ишканада керектөөчүлөр арасында  суроо-талапка ээ болгон, жаңгак суусундугу уникалдуу ыкма менен даярдалат.

Ал өндүрүштү кеңейтип, азык-түлүктөрдүн көлөмүн арттыруу үчүн ишканага кошумча имарат курууга жер тилкеси керек экендигин кошумчалады.

Өкмөт башчы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине  ушул сыяктуу аймактарды өнүктүрүүгө жана өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишканаларга колдон келген көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Андан соң премьер-министр Сузак районунун Барпы айылындагы «Тагай-Тилек» фермердик чарбасына бет алды.  Айыл чарба ишканасы 2001-жылдан бери «Гиссар» тукумундагы  асыл тукум койлорду багат. Учурда койлордун саны 850 жетти.

Жээнбеков фермердик чарбанын жетекчисине ийгилик каалап, «Гиссар» тукумундагы койлор республиканын башка аймактарында да абдан суроо-талапка ээ болгондуктан, аталган чарба келечекте үлгүлүү, алдыңкы фермердик чарбалардын катарын толуктаарына ишеним билдирди.