Улуттук илимдер академиясынын “Илим” маалымат-басма борборунун директорунун орун басары Сапалкан Арипов автор болуп жана түзгөн “Жоомарт Кадыралиев” деген китеп жарык көрдү.

Китеп Кыргыз эл сүрөтчүсү, III Даражадагы Манас орденинин ээси, Эл аралык ЕСО маданий борборунун алтын медалынын ээси  Жоомарт Кадыралиевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү баян жана кыл чебердин ой-толгоолору менен баарлашуулары жана ал жөнүндө эскерүүлөр, ага арналган макалалар жана ырлары топтолгон, фотосүрөттөр жана иллюстрациялар берилген. Кыргыз элинин патриот уулдарынын биринин жан-дүйнөсүн чагылдырган бул китеп окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланаарына зор ишеним бар.

Китеп Жоомарт Кадыралиевдин 70 жылдыгына арналып чыккан.

Китеп “Улуу тоолор” басмасында 1 000 нуска менен жарык көргөн.

Бөлүшүү