«Ак Ордо» жаңы конушунда жаңы билим берүү мектебинин пайдубалынын курулушунун салтанаттуу аземи өттү.

Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев мектептердин курулушу окуучулардын билиминин сапатын өстүрө турганын белгиледи. Салынып жаткан мектепте бардык шарттар болот деген оюн айтты.
Окуу жайдан 960 окуучуга орун бар. Үч кабаттуу, ичинде жаңы эмеректер болот. Аземге жаңы конуштун жашоочулары, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары катышты.
unnamed

Бөлүшүү