Бул ассоциация ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү багытында биргелешип иш алып барууга ниеттенүүдө.
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмү билдиргендей, ветеринардык палатанын директору Кубат Маматкулов ассоциацияга мүчө болуусу чет элдик кесиптештер менен бир толкунда болууга, жеке менчик ветеринарлардын потенциалын ар кандай конференцияларга, онлайн тренингдерге катышуу аркылуу күчөтүү максатында инвестицияларды тартууга жана ошондой эле аталган мекеменин үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасына кирүүсүнө мүмкүндүк бере турганын айтты.
Ветеринардык палата “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” жана “Жайттарды жана мал чарбачылыкты башкаруунун жакшыртуу” долбоорлорунун аткаруучу агенттиги болуп саналат. Бул долбоорлор айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги тарабынан ишке ашырылат.