Философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев Кыргызстандын жараны катары толугу менен Баш мыйзамга өзгөрүү киришин колдой турганын айтты.

«Биз эгемендүүлүктү алгандан ийин кандай жол, идеология менен өсүүнү билген жокпуз. Көчмөндөр оюндары руханий байлыктарга ээ экенибизди далилдеди», — деди ал.

Анын кесиптеши Дөөлөт Сапаралиев Конституция өзгөрө турган тирүү организм экенине токтолду. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү колдой турганын айтты.