Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2010-жылы улутташтырылган «Пирамида» телерадиокомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомун менчикке сатылуучу мүлктөрдүн тизмесинен чыгаруу сунушу каралды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына караганда, 2010-жылы «Пирамида» телеканалы улутташтырылып, анын 100 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына алынган. Ушу тапта ал мамлекеттик органдардын ишин чагылдыра турган телеканалган айланып, өз менеджементин жана мазмунун өзгөртүү менен, карыжылык жактан өзүн актай баштады.

Талкуу жүрүшүндө азыркы учурда мамлекеттин карамагында «Пирамидадан» башка телеканал жок экенин эске салып, ага мамлекеттин саясатын чагылдыруу милдети жүктөлүп жатканын, телеканалдын көрсөтүүлөрү сапаттык жактан кыйла оӊолуп баратканын баса белгиленди.

Депутат Каныбек Иманалиев «Пирамида» телеканалын билим берүү каналына айландыруу сунушун берди. Анын айтымында, азыр билим берүү жаатында 1,5 миллионго жакын адам алектенет. Кезинде Жапония да ушул багытта ири ийгиликтерге жетишкен.

Жыйынтыгында “Пирамида” телерадиокомпаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштү менчиктештирүү маселелери жөнүндө” Өкмөттүн токтому добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бөлүшүү