Президент Алмазбек Атамбаев жана Грузия Президенти Георгий Маргвелашвилинин катышуусу менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Грузия өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Грузия өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен Грузиянын ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташтык жөнүндө  макулдашуу;

Кыргыз Республика ички иштер министрлигинин академиясы менен Грузия ички иштер министрлигинин академиясы ортосунда полициялык билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузия ички иштер министрлиги ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.