Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту.
Атамбаевди президенттик сарай алдынан Маргвелашвили тосуп алды. Мамлекет башчылары көрүшүп учурашкандан кийин Кыргыз Республикысынын жана Грузиянын мамлекеттик гимндери аткарылды.
Андан кийин эки президент ардактуу кароолдун ротасын кыдырып өтүштү.
Расмий жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Маргвелашвили Атамбаевди жылуу куттуктап, кыргыз лидеринин көптөн бери күтүлгөн Грузияга биринчи расмий визитине кубанып турганын белгиледи.
Тараптар бул визит бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө түрткү берерине ишенерин билдиришти.
Сүйлөшүүлөр жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Расмий визиттин алкагында бүгүн эки мамлекет башчыларынын кеӊейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өтөт. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен басма сөз жыйын беришет.