ЖК жыйынында «Республика — Ата- Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкулов кант кызылчасын өткөрүү жайларында түзүлгөн абал тууралуу мындан эки апта мурда өкмөткө кайрылганын айтты.

Анын айтымында, ошондон бери ага көӊүл бурулбай келет.

Чакырымга созулган кезек күтүү болуп, дыйкандар күндөп-түндөп кызылчасын өткөрө албайт. Суук түшүп калса, дыйкандардын бир жылдык эмгеги талаага кетет.

«Өкмөт өкүлдөрү кант кызылчасын өткөрүү жайларынын абалы менен жеринде таанышып, тиешелүү чараларды көрүшү керек. Кант заводдорунун жетекчилерине ыракмат, алар кызылчаны кабыл алуу мөөнөтүн узартып беришти. Бирок, Өкмөт тараптан чаралардын көрүлбөй жатканы өтө таӊгалыштуу. Буудай сатып алууга каражат да өтө кеч бөлүндү», — дейт эл өкүлү.

Бөлүшүү