Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, бүгүн 14 октябрда Чүй областынын Чүй районундагы “Бурана” археология-архитектуралык комплексинде өтүп жаткан улуу ойчул жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына байланыштуу салтанатка катышып, Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуду.
Сиздерди улуу ойчул, даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!
Жусуп Баласагын Карахандар каганатынын ордосу болгон Баласагын шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Чыгыш мусулман кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, кыргыз жана жалпы тектеш түрк элдеринин тарыхы менен маданиятында өзгөчө орду бар инсан.
Жусуп Баласагындын өмүрү жана руханий мурасы азыркы Кыргызстандын аймагы гүлдөгөн цивилизациянын борболорунун бири болгондугун айгинелеп турат. Биз, ошол цивилизациянын мураскерлери, Ала-Тоо койнунда улуу бабабыз жашап өткөнү менен сыймыктанабыз.
Карахандар каганаты өз учурунда Чыгыштагы саясий, экономикалык, руханий жана маданий жактан дүркүрөп өскөн ири мамлекет эле. Тарыхый маалыматтарга таянсак, жергебизде ошол доордо жыйырмадан ашык шаар болгон.
Алардын ичинде дүйнөгө белгилүү Кыргызстандын аймагында сакталган архитектуралык эстеликтер: Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазил мавзолейи дүйнөлүк маданий мурастар арасында татыктуу орун алды.
Биздин аймак аркылуу өткөн Улуу жибек жолунда соода менен экономика гүлдөп, түрдүү диндер менен маданияттар жуурулушуп,ошол доордогу өнүгүүнүн мыкты үлгүсү болуп турган. Натыйжада Аль Фараби, Бируни, Ибн-Сина, Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагын сыяктуу залкар илимпоздор менен ойчулдар өсүп чыккан.
Жусуп Баласагындын мындан он кылым мурда жазган “Куттуу билим” эмгеги — Карахандар доорундагы кыргыздардын жана башка тектеш түрк элдеринин адабиятынын, руханий маданиятынын жана илиминин баа жеткис эстелиги. Бул эмгек дүйнө жүзүндөгү акылман-ойчул аалымдары: Конфуций, Лао Цзы, Фирдоуси жана Бабурдун чыгармалары менен бир сапта турат.
Ошого байланыштуу залкар бабабыздын 1000 жылдык мааракесинин тарыхый жана маданий зор маанисин эске алып, үстүбүздөгү жыл жалпы түрк дүйнөсүндө Жусуп Баласагындын жылы болуп жарыяланды.
Акылман бабабыз илим-билимге умтулууга, элдин биримдигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого чакырып, адилеттик, адеп-ахлак жана ыйман маселелерине өзгөчө маани берген.
Түрк тилинен тышкары араб жана перс тилдеринде эркин жазган, Жусуп Баласагын билим аркылуу гана дүйнөнү өзгөртүү мүмкүн экенин дайыма айтып келген.