Бишкек шаарынын мэриясынан билдиргендей, алгач жылуулук социалдык объекттерге, бала бакчаларга, мектептерге, ооруканаларга берилет.

Андан кийин турак-жайларга, кеңселерге берилиши күтүлүүдө.

Жылуулуктун берилиши аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу.

Мындан эки күн мурда мэр Албек Ибраимов жылуулук бүгүн бериле турганын айткан.