Мамэкотехинспекциянын Жумгал Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Кочкор районунун Орто-Токой суу сактагычына салынган торлорду тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты мыйзамсыз балык кармоого бөгөт коюу. Себеби акыркы жылдары Орто-Токой суу сактагычында браконьерлердин, мыйзамсыз балык уулагандардын саны көбөйүп кетткен. Бул жаатта инспекция кызматкерлери жана Балык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чара учурунда Орто –Токой суу сактагычындагы 1800 метр, тактап айтканда 18 даана торлор алынып чыгып, күбөлөрдүн катышуусунда өрттөлдү.