Кечээ Төө-Ашуу ашуусунда 5 оор жүк ташуучу унаалардын жайкы дөңгөлөктөрү кышкыга алмашылбагандыктан, жааган кардын кесепетинен унаалардын тыгыны пайда болду.

Унаа кыймылына тоскоолдук жаралган. Жайыл райондук №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан 3 техника тартылган. 14-октябрында саат 02:20да жол кыймылы калыбына келтирилген.