18-19-октябрда айыл чарба министрлигинде уюштурулат.
Бул иш-чаранын максаты — айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү планын колдоо жаатында иштеп жаткан улуттук жана эл аралык эксперттердин, мамлекеттик структуралар жана жеке сектордун ортосунда тажрыйба алмашуу.
Семинар өз ишинде төмөнкү маселелерди карайт:
- Кыргызстандын айыл чарба экспорту үчүн рынокторду диверсификациялоо (Европа Биримдиги, Перс булуңундагы мамлекеттер ж.б.);
- Ар кайсы өлкөлөргө айыл чарба азыктарын экспорттоого адистешкен агенттиктердин өнүгүү тажрыйбасы;
- Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын атаандашттыкка туруктуулугун анализдөө.