Президент Алмазбек Атамбаев Антониу Мануэл ди Оливейра Гутеррешти БУУнун башкы катчысынын кызматына шайланышы менен куттуктады.
«Сиздин шайланышыңыз БУУга мүчө өлкөлөрдүн жогору ишениминин жана Португалия Өкмөтүндө жана БУУ системасында иштеген учуруӊузда алган чоң кадыр-баркыӊыздын күбөсү болуп саналат», — деди куттуктоосунда.
Мындан тышкары, Атамбаев 2017-жылы 1-январдан тарта БУУнун башкы катчылыгынын кызматына киришкенден кийин уюмдун мындан аркы ишине жол көрсөтө турганын айтты.
Атамбаев аны визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырып, ага ден соолук, бакубаттык жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.