Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргендей, түрк күчтөрү Алеппо аймагындагы Дабик шаарын көздөй чабуулга өтүшөт.

Анын билдирүүсү боюнча, Швейцарияда Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатканда жасалды.

АКШ, Орусия жана бир катар Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан жолугушуу ишемби күнү жыйынтыксыз аяктаган эле.

Ошол эле учурда Сириянын Алеппо шаарындагы чыгыш райондору үчүн айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Орус учактарынын көмөгү менен президент Башар Асаддын армиясы Куралдуу оппозициянын күчтөрүнө сокку урууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү